Казандагы профессионалдык чеберчилик боюнча Эл аралык чемпионат 2024

Казандагы профессионалдык чеберчилик боюнча Эл аралык чемпионат 2024



Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун 4-курсунун студенттери Ниязов Төлөгөн жана Артыкбаев Бексултан 23-27-сентябрда Казань шаарында Казан маалыматтык технологиялар жана коммуникация техникалык мектебинин Эл аралык компетенция борборунда «BRICS+ Future Skills and Tech Challenge 2024» профессионалдык чеберчилик боюнча Чемпионаттын финалдык этабына катышып келишти.

Чемпионаттын финалдык этабына 16 өлкөдөн - Азербайжан, Беларусь, Бразилия, Вьетнам, Гана, Индия, Иран, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Колумбия, Марокко, Филиппин, Сальвадор, Түштүк Африка мамлекеттеринен келишкен 1000ден ашуун конкурсанттар катышты.

Кыргызстандык катышуучулар Ниязов Төлөгөн жана Артыкбаев Бексултан конкурстук программада толук убакыт форматында Казан маалыматтык технологиялар жана коммуникация техникалык мектебинин Эл аралык компетенттүүлүк борборунда «Веб-технологиялар» жана «CAD Engineering Design» багытындагы эки компетенция боюнча жеңиш үчүн күрөшүштү.

Эл аралык Чемпионаттын жыйынтыгында Ниязов Төлөгөн жана Артыкбаев Бексултан кызыктыруучу сыйлыктар жана сертификат менен сыйланышты.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандык катышуучулар Ниязов Төлөгөн жана Артыкбаев Бексултан байгелүү орундар үчүн башка өлкөлөрдөн келген студенттер менен гана эмес, россиялык ишканалардын учурдагы IT адистери менен да күч сынашкан.

Чемпионаттын катышуучулары  Ниязов Төлөгөн жана Артыкбаев Бексултанды ийгиликтери менен куттуктайбыз!