«ЖАҢЫРГАН АКЫЛ 2025» II РЕСПУБЛИКАЛЫК ХАКАТОНДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

«ЖАҢЫРГАН АКЫЛ 2025» II РЕСПУБЛИКАЛЫК ХАКАТОНДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ



2025-жылдын 24-25-май күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин 100 жылдык мааракесине арналган «ЖАҢЫРГАН АКЫЛ 2025» II Республикалык хакатонунун катышуучулары саат 12:00дөн 18:00гө чейин өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүштү.

Калыстар тобу ар бир презентацияны дыкаттык менен угуп, көрүп чыгып, жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Калыстар тобу:

  • М.Т. Окенов – «Улут Софт» компаниясынын директору
  • У.Б. Баялиев – «Улут Софт» компаниясынын директорунун орун басары
  • А.К. Эсенов – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси
  • А.О. Рыспаев – КТЖИИнин директору
  • М.М. Ажигулов – КТЖИИнин ага окутуучусу
  • М.А. Темиров – КТЖИИнин доценти

Катышкан командалардын саны:

  • Оффлайн – 35
  • Онлайн – 5
    Жалпысы – 40 команда.

Калыстар тобу төмөнкү критерийлердин негизинде долбоордук чечимдерди 10 баллдык шкала боюнча баалашты:

  1. Долбоор катасыз жана үзгүлтүксүз иштеши керек;
  2. Долбоордун идеясы хакатондун беш багытынын бирине ылайык болушу керек;
  3. Долбоордук чечимдин оригиналдуулугу жана инновациялуулугу;
  4. Техникалык чечимдин иштелип чыккан деңгээли;
  5. Сунушталган долбоордун экономикалык натыйжалуулугу;
  6. Презентация жана тааныштыруу материалдарынын даярдыгы жана сапаты.

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун – Алибеков Нуртилек, Кыргыз-Түрк Манас Университети.
    Тиркеме: “AI Tilchi”. Берилген тапшырманы ийгиликтүү аткарып, кошумча функцияларды кошту.
  • 2-орун – Маматкул уулу Эрадил, “IT-KAGANAT” командасы, Ж.Баласагын атындагы КУУ.
    Жасалма интеллект колдонуп, функционалды толук ишке ашырды.
  • 3-орун – Тулеев Нурсултан, “MentalX” командасы, БААУ (АУЦА).
    Берилген материалдын айкындыгы жана ырааттуулугун жогорку деңгээлде камсыздады.
  • 4-орун – Шарма Кошель, “Sound Vision” командасы, Ала-Тоо колледжи.
    Жасалма интеллект колдонуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тиркеме жасады.

Кызыктыруучу байгелер:

  1. Артыкбаев Бексултан – команда “TRUE”, Ж.Баласагын атындагы КУУнун КТжЖИ институту
  2. Жолонов Баяман – команда “Энактус ОшМУ”
  3. Ташбалтаев Тынчтыкбек – Кыргыз-Түрк Манас Университети
  4. Авазбекова Алина Авазбековна – И.Раззаков атындагы КМТУ
  5. Омуркулов Амир – укук тиркемеси, Ала-Тоо эл аралык университети
  6. Турумов Жоомарт – тиркеме “EcoUp”, И.Раззаков атындагы КМТУ
  7. Иванов Алексей – “INAI”, Финансы жана аналитика, Кыргыз-Герман колдонмо информатика институту
  8. Авлезов Билал – команда “Мэд-Номад”, тиркеме “Mugalim AI”, Эл аралык Мета илимий университети
  9. Раимбеков Актан – команда “JASHSYN”, тиркеме “ОРТ соц. сеть”

26.05.2025.